"Семетей" госпиталында коронавирустун экинчи толкунунун алдын алуу максатында машыгуу болуп өттү (Сүрөт)

26 сентябрь 2020 12:55 1680 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Семетей" госпиталында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Жарандык коргонуу органдары менен машыгуу болду. Бул тууралуу ӨКМ дин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 26 -сентябрда "Семетей" госпиталында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан “Коронавирус” илдетин жоюу жана мындан ары жайылуусуна бөгөт коюу максатында Жарандык коргонуу кызматынын башкаруу органдары  менен атайын машыгуу өткөрүлүүдө.

Машыгуунун темасы Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар (Адамдардын массалык түрдөгү жугуштуу оорулары), коркунучу пайда болгондо же келип келип чыккан шартта ЖК башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн иш аракеттери. Аталган машыгууну КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары – полковник Калыс Ахматовдун жетекчили алдында өтүүдө. Мындан тышкары КР Жарандык коргонуу кызматтары министрлик ведомствонун өкүлдөрү "Манас" эл аралык аэропортунун аппараты Бишкек шаардык Жарандык коргонуу кызматтары жана  ӨКМдин Түзүмдүк жана аймактык башкармалыктарынын жетекчилери тартылган.  

Машыгуунун максаты:

1. Республиканын аймагында “Коронавирус” илдеттинин 2 - толкунунун алдын алуу жана бөгөт коюу максатында, Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын, тиешелүү кызматтарынын иш-аракеттерин жүргүзүүнү уюштуруу, эвакуация пландарынын толуктугун жана тууралыгын аныктоо.

2. Жарандык коргонуу күч-каражаттарынын кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерин жүргүзүү жана жабыркаган жарандарды кабыл алуу, аларды жайгаштыруу жана ар тараптуу камсыздоо иш-чараларын практикалык түрдө аткарууну уюштуруу.

3. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында тиешелүү күчтөрдү жана каражаттарды колдонууну уюштуруу боюнча Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын башкаруу жөндөмдүүлүктөрүн текшерүү жана аны өркүндөтүү.

 4.  Кемчиликтерди аныктоо, усулдук жардамдарды көргөзүү.

Ссылка: https://barometr.kg/semetej-gospitalynda-koronavirustun-2-tolkununun-aldyn-aluu-maksatynda-mashyguu-bolup-tt-srt



Добавить комментарий