"Семетей" госпиталында 517 бош орундук бар (Сүрөт)
“Семетей” госпиталында бейтаптарды кабыл алуу үчүн 517 бош орундук бар. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирди.
Бүгүн, 27-июлга карата «Семетей» госпитализация пунктунда 517 бош орун бар.
“Бүгүнкү күнго карата “Семетей” госпиталында бейтаптарды дарылоо үчүн 600 орундук бар болсо, анын ичинен 109да бейтаптар дарыланып жатат, калган 491 орундук бош. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө 50 орундук бар болсо, учурда 24 оор абалдагы бейтап бар, калган 26 орундук бош. Жалпысынан 517 орундук бош”-, деди ал.
«Семетей» госпитализация пунктундагы иш-чараларды уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин чечүү аракеттери Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун жеке көзөмөлүндө.
Ссылка: https://barometr.kg/semetej-gospitalda-zhalpysynan-517-orunduk-boshsrt
Добавить комментарий ×