Сексуалдык фантазияңыз мамилени бекемдейт

24 январь 2019 13:09 2579 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Мамилени биринчи эркек башташ керек. Ал өпсүн, кучактасын... Антүүнү каалабаса, анда өзү билсин. Мен да эч нерсе кылбайм". Ушундай көз караштагы айымдар арабызда аз эмес экенин тана албайбыз. Бирок бул таптакыр туура эмес. Эмне үчүн экенин төмөнкү макаладан окуп билиңиз, урматтуу айым.

Эгерде сиз сүйүү мамилесинде баарын күйөөңүздөн күтүп отура берсеңиз, көп нерседен уттуруп жибересиз. үй-бүлөнү сактоо, ортодогу мамилени бекемдөө үчүн эркектин эле эмес, айымдын да аракети өтө зарыл. Андыктан, түгөйүңүздүн сизге болгон сүйүүсүнүн муздап калуусун каалабасаңыз, сексуалдык фантазияларды колдонуп, жеке жашооңорду кызыктуу кылууну унутпаңыз.

Күйөөңүз жумуштан келерге жакын жууна баштаңыз да, "жаным, мен душтамын (ваннадамын), тезирээк келип мени менен чогуу душка түшчү" деген СМС билдирүү жөнөтүңүз.

Кечкиге чыныгы сүйүү жөнүндөгү, же эротикалык фильмдин дискин даярдап коюңуз. Жолдошуңуздун колун кармап, анда-санда кучактай өөп, ийинине башыңызды жөлөй отуруп бирге көрүңүз. Бул анын сезимин күчөтүп, дүүлүктүрүп жиберерине ишениңиз.

Сиңдиңиздин же курбуңуздун жардамы менен купальникчен сүрөткө түшүңүз. Сүрөт даяр болгон соң күйөөңүздүн чөнтөгүнө байкатпай салып коюңуз. Эми анын реакциясын күтө бериңиз...

Аппак шейшептин үстүндө жылаңач жатуусун өтүнүңүз. Жумушту, күнүмдүк проблемаларды, көр оокатты аз убакытка болсо да унутуусуна жардам кылыңыз. Ал үчүн денесине эротикалык массаж жасоо керек. Моюнунан баштап бутунун манжасына чейин жеңил сыйпалап, сылагылап, укалап чыксаңыз болот. Жыныстык органын да назик кармалоону эсиңизден чыгарбаңыз.

Уктоочу бөлмөңүзгө кечинде шам жагып, мехтин жумшак кесиндисин же кайсы бир канаттуунун канат-куйругунан бир-эки тал даярдап коюңуз. Алар менен жылаңач денесин, айрыкча эрогендүү зоналарын кытыгылап, эркелетесиз.

Жумушка кетеринде "сен ушунчалык сексуалдуусуң, эми сен жумуштан кайтып келгиче сагынып чыдабай кетем го" деп кулагына назик шыбырай өөп узатыңыз. Ошондо бул сөзүңүз күнү бою кулагына кайра-кайра жаңырып, кечинде көрүүгө ашыгып келеринен шектенбеңиз.

Түнкү кийимден баш тартыңыз! Денеңизде ич кийим менен атырдын жагымдуу жыпар жытынан башка эч нерсе болбосун.

Жолдошуңуз иштен келердин астында ич кийим кийбестен халат эле кийип тосуп алыңыз. Бул сюрпризиңизди көргөндө ал дүүлүкпөй койбойт.



Ссылка: https://barometr.kg/seksualdyk-fantaziyayz-mamileni-bekemdejt



Добавить комментарий