Секс-куурчак үчүн аялын таштап кеткен илимпоз өзгөчө билдирүү жасады

31 май 2019 16:21 19331 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жакынкы күндөрү Улуу Британияда биринчи 5G мобилдик тармагы иштей баштайт. Эсперттердин пикиринде, бул телефония менен интернеттин сапатын гана жакшыртпастан, секс-роботторду дагы «адамдардан айырмаланбай турган» кылышат. Бул тууралуу news.com. маалымат булагы кабарлады.

Секс-роботтор боюнча адис Брик Долбангердин айтуусунда, жаңы тармактарды ишке киргизүү «синтетикалык революцияга ачкыч» болот. Роботтор активдүү түрдө маалыматтарды иштеп чыгат, так ой жүгүртө алышат, бир калыпта кыймылдай алышат жана дээрлик адамдардан айырмаланбай калышат.

61 жаштагы эксперт бир нече жылдан бери америкалык компания тарабынан жасалган секс-куурчак менен жашайт. Куурчак сүйлөй алат жана өзүнүн кожоюнун качан канааттандырганын да эстеп кала алат. Гермион деп аталган куурчак менен болгон «мамилеси» үчүн эркек өзүнүн аялы менен ажырашып кеткен.

Эксперимент жүргүзүүчүнүн болжолунда, технологиялардын өнүгүшү менен алардын «мамилеси» дагы жакшырат. 5G тармактары Улуу Британиянын бир катар шаарларында 30-майдан баштап иштеп баштады.

Ссылка: https://barometr.kg/seks-kuurchak-chn-ayalyn-tashtap-ketken-ilimpoz-zgch-bildir-zhasady



Добавить комментарий