Үйлөнүү тойдо катуу ырдап ийишип 63 тооктун жүрөгү түшүп өлдү

25 ноябрь 2021 16:44 2070 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Индиянын Баласор шаарында болгон үйлөнүү үлпөтү жергиликтүү канаттуулар фабрикасындагы 63 тооктун өлүмүнө себеп болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Фабриканын ээсинин айтымында, ал учурда полицияга арыз берди. Аталган кабарга таянсак, фабриканын жанынан үйлөнүү үлпөтүнүн кортежи өткөн. Музыка ушунчалык катуу болгондуктан, тооктор коркуп, ал эми алардын ээси той өткөрүп жаткандардан акырыныраак болууну суранган.

“Бирок күйөө баланын достору мага кыйкырышып, атайлап музыканы ого бетер чоңойтушту. Алар менин тоок фабрикамдын жанынан токтоп алышып 15 мүнөттөй бакырып ырдап, музыканы катуу коюп туруп алышты”,-деп кайрылды эркек киши полицияларга.

Кортеж узап кеткенден кийин фабриканын ээси ондогон тооктор жерде жатканын көргөн. Фабрикадагы 2 миңдей тооктон 63 тооктун жүрөгү “кармап” кулаган.

Келген ветеринарлар тооктордун жүрөк пристубу кармап өлгөнүн аныкташты.

Полиция териштирүү ишин баштады.

Ссылка: https://barometr.kg/jln-tojdo-katuu-yrdap-ijiship-63-tooktun-zhrg-tshp-ld



Добавить комментарий