Саякатчы Египеттеги шылуундардын негизги амалдары тууралуу айтып берди

27 ноябрь 2023 17:39 1937 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Египет пирамидалары көптөгөн саякатчылардын кыялы. Бирок, айрымдарды байыркы баалуулуктарга болгон саякат өтө капалантышы мүмкүн. Саякатчыларга шылуундардан сак болуу үчүн блогер жана гид Сэм Мэйфэйр YouTube каналына видео тасма менен бөлүштү. Блогердин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Анын кеңеши биринчи кезекте гидсиз саякаттаган туристтер үчүн өтө пайдалуу.

Сэмдин айтымында, кеңири таралган шылуундардын көбү пирамидалардын айланасында болот.
Пирамидаларды гидсиз аралап жүрсөң, адамдар тынымсыз басып келип, сени адаштырууга аракет кылып, туура эмес жолдо баратасыз деп айтат. Бирок, Сэм алардын жардамынан баш тартууну сунуштап, пирамида комплексинен сыртка чыгуучу эки гана жол бар экенин айтып,  жолуңуздарды уланта бериңиздер деп кеңеш берет.

Пирамидалардагы дагы бир классикалык алдамчылык - бул туристтердин башын айландырыш үчүн ышкырык менен ышкырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келе жатат деген сыяктуу коркутуу. 
Сэмдин айтымында, ышкырыктары бар адамдар келип, багытты көрсөтүп жана алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө окшош болушат. Бирок, Сэм белгилегендей, алар жөн гана бир нерсени тез көрсөтүп, андан кийин кызмат акысы үчүн чоң төлөм талап кылууга аракет кылып жатышат.

Сэм туристтерге төө мингизүүнү сунуштап келгендерден да этият болууга кеңеш берет, анткени алданып калуу коркунучу бар. 
Жөн гана төө менен селфи жасоого макул болгон күндө да, ага акча төлөшүңүз керек болот, деп эскертет эксперт.

Ошондой эле, ал куу адамдар дагы «башка тактиканы» колдонушат деп ырастайт. Алдамчылар  жакындап, анын кайдан экенин сурап, "ийгилик үчүн" колуна "бекер белек" салууга аракет кылат.

"Алар сага бул ийгилик үчүн белек деп айтышса да, бекер эмес. Алар сенин жаныңа келип, колуңа бир нерсе салып, басып кетиши мүмкүн. Ошол замат аларга кайтарып бер да, басып кет", -деп эскертет эксперт.

Египеттеги туруктуу шылуундар менен болгон тажрыйбасына карабастан, Сэм мындай деди:

"Мен Египетке пирамидаларды көрүү жана изилдөөгө келесиздер деп ойлом. Алар байыркы дүйнөнүн бир нече кереметтеринин бири жана чыныгы инженердик баалуулук. Баары эле алдамчы эмес экенин унутпаңыз жана баары эле сизди алдаганга аракет кылбайт. Кээ бир адамдар жөн гана жашоого аракет кылып жатышат ", - деп баса белгилейт Сэм өзүнүн видеосунда. 
 

Ссылка: https://barometr.kg/sayakatchy-egipettegi-shyluundardyn-negizgi-amaldary-tuuraluu-ajtyp-berdi



Добавить комментарий