Сауд Аравияда стюардесса өлүм жазасына тартылышы мүмкүн болууда

29 май 2023 11:22 539 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Литванын Avion Express авиакомпаниясынын стюардессасы италиялык Илариа Роза Сауд Аравиясында өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу Bild басылмасына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, ал баңгизат сактаган жана спирт ичимдиктерин ичкен деп шектелүүдө. 

Учурда ал Сауд Арабиясынын түрмөсүндө. Полиция тинтүү маалында анын ич кийиминен баңгизат таап алган. 

Илариянын айтымында, ал 4-майда Сауд Аравиянын Джидда шаарындагы тунистик досторунун вилласынын бакчасында кийинки рейсин күтүп тамактанып жаткан.  Бир убакта   ончакты полиция Роза менен анын досторун курчап калган. Италиялык кыздын айтымында, офицерлер болгону аны гана тинтишкен.    

Стюардесса спирт ичимдиктерин ичкен жана марихуана алып жүргөн деп айыпталып, беш күндөн кийин кармалып, суракка алынган.     
Илария бардык айыптарды четке кагууда. Италиянын Тышкы иштер министрлиги стюардессаны бошотуу боюнча Сауд Аравиянын бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Азырынча расмий айыптар коюла элек. Басылманын айтымында, Сауд Аравиясында ислам шариат мыйзамдары бар: соттор баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн өлүм жазасын бере алат.     
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/saud-araviyada-styuardessa-lm-zhazasyna-tartylyshy-mmkn-boluuda



Добавить комментарий