Сара Камалова: Назира Айтбекованын кайын журтун жамандаганын окуй элекмин

15 июль 2019 20:23 6766 4 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү теле алып баруучу, блогер Назира Айтбекова тууралуу кайыненеси Роза Кенжешова социалдык тармактагы баракчасына пост бөлүшкөндөн кийин ал кызуу талкууга алынууда.

Фейсбуктун колдонуучусу Сара Камалова алып баруучуну колдоого алган пикирин жарыялады.

“Фейсбукка кирип барактап жатсам ар бир тайпада бар экен Назира Айтбекованын экс кайненесинин мурунку келинин жамандап бир топ нерселерди жазганы. Анын сөзүнө караганда "Назира тынбай сайттарга жолдошун жамандап жазып уулун каралап жаткан" имиш,ошон үчүн Назиранын кандай келин болгону жөнүндө бир далай сөздөрдү айтып көпчүлүктүн бүйрүн кызытып жаткан кези экен, эл көзүндө  жүрө турган чыгармачыл  адамды келин кылып алаарыңызды билдиңиз, демек гастролдоп кетээрин билгенсиз.

Айтбекованын канча интервьюсун окуп эле жүрөбүз бирок бир да "жолдошум же кайненем жаман, антет минтет"- деп кайын журтун жамандап ушактап каралаганын окуй элекмин же сиздер окудуңуздарбы?!

Тескерисинче "күйөөм менен пикирибиз келишпеди, баламдын атасын абдан сыйлайм биз тынч түрдө ажыраштык" деп жолдошуна бир да чаң тийгизе элек жамандамак тургай.

Назира чынында  кайненеси айткандай жаман келин болсо да, андан бери канча жыл өттү унчукпай эле койсо болбойбу, кантсе да кайын журтунун учугун улап  аларга уул  төрөп берди. "Байдын токолу болушту самачу" дептир, эми элестеткиле кайсы келин күйөөсү менен жашап жатып кайненесине:

"мен байга токол болуп тийгим келет" - деп айтсын,акылга сыйбас жорук. Ортолорунда кандай сөз өтпөсүн аны козгоп эми элге жайып жаткан Роза айымга не десек жарашат?! "Келин жаман эмес келген жери жаман" дегендей Назира жаш жаңы келин кезинде акыл насаатын айтып жолго салып тарбиялап алса болбойт беле кайненеси, анте албаса анда неге келинин эми жамандап ызылдайт, кантсе да канча жыл уулу менен колтукташып басып бир үй - бүлө болуп жашашкан да. Баарынан да "уулум жоопкерчиликтен качпай  баласынын мектептеги кеткен каржысын төлөп жатат" - дейт, эми уулу болгон соң бакканы милдеттүү да.  Жакшысын ашырып жаманын жашырып келини небереси менен жылуу мамилесин улантып жүрө берсе болбойбу”,-деп жазды Сара айым.

Ссылка: https://barometr.kg/sara-kamalova-naziranyn-kajyn-zhurtun-zhamandaganyn-okuj-elekmin



Добавить комментарий