"Сапат" лицейинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз болуп изделүүдө
Бишкек шаарында, 1-июнга караган түнү кыргыз-түрк «Сапат» («Себат») лицейинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз жоголуп изделүүдө. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-июнга караган түнү саат 4:20да милицияга 12-кичи райондогу көп кабаттуу үйдүн короосунда эшиги ачык турган «Лексус 470» унаасы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине Октябрь РИИБдин №3 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам тергөө тобу барган.
«Учурда тажрыйбалуу тергөөчүлөрдөн турган ыкчам тергөө тобу түзүлдү. Ички иштер органдарынын аймактардагы бөлүмдөрүнө багыттамалар берилди. Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча иштер жүрүүдө», - деп айтылат милициянын маалыматында.
Ю.К. аттуу Орхан Инандын уулу милицияга арыз менен кайрылган.Анын айтымында, атасынын унаасы «Лексус 470». Ал атасы менен акыркы жолу кечээ, 31-майда саат 18:00 чамасында байланышка чыккан.
Эске сала кетсек, Орхан Инанды "Сапат" лицейлерин жана Ататүрк Ала-Тоо университетинин негиздөөчүсү.
Ссылка: https://barometr.kg/sapat-licejinin-negizdchs-orhan-inandy-dajynsyz-bolup-izdeld
Добавить комментарий ×