"Сапат" лицейинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз болуп изделүүдө

1 июня 2021 11:30 3338 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарында, 1-июнга караган түнү кыргыз-түрк «Сапат» («Себат») лицейинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз жоголуп изделүүдө. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-июнга караган түнү саат 4:20да милицияга 12-кичи райондогу көп кабаттуу үйдүн короосунда эшиги ачык турган «Лексус 470» унаасы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине Октябрь РИИБдин №3 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам тергөө тобу барган.

«Учурда тажрыйбалуу тергөөчүлөрдөн турган ыкчам тергөө тобу түзүлдү. Ички иштер органдарынын аймактардагы бөлүмдөрүнө багыттамалар берилди. Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча иштер жүрүүдө», - деп айтылат милициянын маалыматында.

Ю.К. аттуу Орхан Инандын уулу  милицияга арыз менен кайрылган.Анын айтымында, атасынын унаасы «Лексус 470». Ал атасы менен акыркы жолу кечээ, 31-майда саат 18:00 чамасында байланышка чыккан.

Эске сала кетсек, Орхан Инанды  "Сапат" лицейлерин жана Ататүрк Ала-Тоо университетинин негиздөөчүсү.

Ссылка: https://barometr.kg/sapat-licejinin-negizdchs-orhan-inandy-dajynsyz-bolup-izdeld



Добавить комментарий