Сантьяго Солари: "Реал Мадрид" Чемпиондор лигасынын фаворити!

28 ноябрь 2018 16:12 929 Улукман Бейшеналиев
Бөлүшүү:
ok

"Реал Мадрид" командасынын башкы машыктыруучусу Сантьяго Солари "Рома" командасын 2:0 эсебинде  багынттуу менен кубанычын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.

"Эйбар командасынан утулгандан кийин өзүбүздүн көңүлүбүздү көтөрүү керек болчу. Биз баарыбыз өзүбүздү милдеттүү сезебиз, эми команда бактылуу экенин билгизип жатат. Биринчи бөлүктө биз "Рома" командасына көп ката кетирүү менен көп мүмкүнчүлүктөрдү бердик. Бул эпизоддор оюнду башка нукка өзгөрттү. Ал эми экинчи бөлүктө биз күчтүүрөк болдук. Биздин команда чемпиондор лигасынын фаворити! Бул команданын тарыхы", - деп айтты Сантьяго Солари.

Ссылка: https://barometr.kg/santyago-solari-real-madrid-chempiondor-ligasynyn-favoriti



Добавить комментарий