Санкт-Петербургда мугалимди өлтүрүп, телефондун кодун ачуу үчүн анын манжасын кесип кетишкен
Санкт-Петербург технологиялык университетинин биохимия мугалими киши колдуу болуп, манжасы кесилген абалда табылды. Бул тууралуу “РИА Новости” жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
«1986-жылы туулган биохимия мугалиминин жансыз денеси 25-октябрь күнү Димитров көчөсүндөгү үйдүн батиринен табылды. Аял моюнунан жаракат алып, манжасы кесилген», - деп айтылат маалыматта.
Алдын ала версия боюнча, жабырлануучунун смартфонуна кирүү үчүн манжасын кесип салышкан. Киши өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, окуянын себептери такталууда.
Буга чейин, 29-сентябрда Санкт-Петербургдагы “Лахта” борборунун алдында денеси майдаланган адамдын сөөгү салынган баштык табылган. Башы жана колу жок, адамдын сөөгү майдаланып салынган мүшөк жээкке каалгып келип калган.
Добавить комментарий ×