Санкт-Петербургда мугалимди өлтүрүп, телефондун кодун ачуу үчүн анын манжасын кесип кетишкен

26 октября 2020 14:23 1032 Barometr
Поделиться в:
ok

Санкт-Петербург технологиялык университетинин биохимия мугалими киши колдуу болуп, манжасы кесилген абалда табылды. Бул тууралуу “РИА Новости” жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

«1986-жылы туулган биохимия мугалиминин жансыз денеси 25-октябрь күнү Димитров көчөсүндөгү үйдүн батиринен табылды. Аял моюнунан жаракат алып, манжасы кесилген», - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала версия боюнча, жабырлануучунун смартфонуна кирүү үчүн манжасын кесип салышкан. Киши өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, окуянын себептери такталууда.

Буга чейин, 29-сентябрда Санкт-Петербургдагы “Лахта” борборунун алдында денеси майдаланган адамдын сөөгү салынган баштык табылган. Башы жана колу жок, адамдын сөөгү майдаланып салынган  мүшөк жээкке каалгып келип калган.

Ссылка: https://barometr.kg/sankt-peterburgda-mugalimdi-ltrp-telefondun-kodun-achuu-chn-anyn-manzhasyn-kesip-ketishken



Добавить комментарий