Санк-Петербургда кыргызстандык айдоочунун машинасын аткылап кетишти

16 ноябрь 2020 12:11 1183 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Санк-Петербург шаарында 31 жаштагы кыргызстандыктын машинасын аткылап кетишти. Бул тууралуу “Конкретно.ру” басылмасы жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, «Киа Рио» автоунаасын кыргызстандык мигрант  башкарып бара жатканда атып кетишкен.

Окуя, 14-ноябрда таңкы саат төрттөр чамасында Выборг проспектисинде жол талашуудан улам келип чыккан. Айдоочулардын ортосундагы түшүнбөстүктөн улам, "Газелдин" айдоочусу «Киа Рио» автоунаасы тарапка төрт жолу ок аткан.

Полиция кылмышкерди издөө планын киргизип, бир сааттан кийин ок аткан адам көчөлөрдүн биринде кармалган. Фургондун айдоочусу Азербайжан улутундагы Россиянын жараны болгон. Андан травматикалык тапанча тартылып алынган.

Бул окуя боюнча ага бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Агенттиктин маалыматы боюнча, кармалган адам мурда талап-тоноочулук үчүн шарттуу түрдө кесилген.

Ссылка: https://barometr.kg/sank-peterburgda-kyrgyzstandyk-ajdoochunun-mashinasyn-atkylap-ketishti



Добавить комментарий