Түркияда католиктердин чиркөөсүнө куралдуу кол салгандар чет элдик жарандар болгон

29 январь 2024 10:02 430 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркияда католиктердин чиркөөсүнө кол салып кирген эки жаран тең кармалды. Бул тууралуу NTV Haber телеканалына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, түрк полициясы 28-январда католик чиркөөсүндөгү атышууга катыштыгы бар деген шек менен дагы 47 адамды кармаган.

Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая чиркөөдөгү кол салууга шектүү эки адам кармалганын билдирди. Экөө тең чет элдик жарандар. Кол салууга “Ислам мамлекети” тобунун тиешеси болушу мүмкүн экени белгилүү болду.

"Бири Тажикстандан, экинчиси Орусиядан келген бул эки чет элдик жаран ИГИЛдин мүчөсү деп эсептейбиз. Окуядан кийин 12 саатка жетпеген убакытта кылмышка шектүү эки киши кармалган.Стамбулдун полиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирем”, -деди Али Йерликая.

Ошондой эле, Түркиянын Ички иштер министрлигинин башчысы чиркөөгө куралдуу кол салуу фактысын иликтөөнүн алкагында полиция 30 дарек боюнча операция жүргүзүп, 47 адам кармалганын билдирди.

Кол салуу Стамбулдун Сарыйер районундагы италиялык Санта-Мария католик чиркөөсүндө жекшемби күнкү болгон. Беткап кийген эки адам чиркөөгө ок чыгарган. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бир адам ошол жерден каза болгон. 
 

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-katolikterdin-chirksn-kuralduu-kol-salgandar-chet-eldik-zharandar-bolgon



Добавить комментарий