Самара Каримова каршылыктарга карабай музыкалык окуу жайдын директорлук кызматына киришти

19 январь 2021 10:47 2283 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Самара Каримова иш ордуна олтуруп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Тактап айтканда, ырчы бүгүн, 19-январдан баштап Ниязалы Боркошев атындагы музыкалык окуу жайдын директору болуп өз ишин баштаганын билдирди.  

Анын айтымында, ал 15-январдан тарта эле аталган окуу жайдын башчысынын милдетин аткарып башташы керек эле. Бирок, айрым адамдардын тоскоолдук жаратканынан улам кармалып калган.  

Ал 2018-жылы билим берүү мекемесинде өрт болуп, учурда жатакананын имаратында окутуу жүрүп жаткандыгын эске салып, талыкпай иштөө керек экенин айтты.

Ырчы кечээ кечинде билим берүү мекемесине түнкү саат 22:00дор чамасында барганын келип текшерүүгө толук укугу бар экендиги менен түшүндүрдү.

"15-январдан бери үч күн бою коллектив мага каршы болду. Мунун артында ким турат, кандай максаттар көздөлдү, ушунун бардыгы такталды жана бизде маалымат бар", - дейт ал.

Ошону менен катары эле, ырчынын айтымында окуу жайдын айрым мугалимдери анын директор болуп дайындалышына каршы эмес экен.

“Бир канча мугалимдер мага смс билдирүү жазышып, менин кызмат ордумду колдой турушканын билдиришти. Алар буга чейин туура эмес, чагымчыл маалыматтардан улам каршы болуп жатышканын айтышты”, - деди ырчы.

Эске сала кетсек, Самара Каримова 13-январда Маданият министрлигин соттон утуп алган. Эми ал Ош мамлекеттик музыкалык орто окуу жайынын директору кызматына кайра бара алат.

Бирок, аталган окуу жайдын жалпы жамааты Каримованын директорлук кызматка келишине караманча каршы чыгышкан. 

Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан.

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Самара Каримованын сотто утуп алганы боюнча апелляциялык арыз даярдалып жатканын, мыйзам талаасында иш жүргүзүлөрүн кабарлашкан. 

Ссылка: https://barometr.kg/samara-karimova-kollektivdin-karshylygyna-karabaj-muzykalyk-okuu-zhajdyn-direktorluk-kyzmatyna-kirishti



Добавить комментарий