Самара Каримова эми Гүлжигит Сатыбековдун ырларын репертуарына кошот
Бөлүшүү:
Самара Каримова эми репертуарына Гүлжигит Сатыбековдун "Москва" деген ырын кошот. Бул тууралуу ырчы өзү билдирди. Анын айтымында Орусиялык мекендештер ырчыга Орусияга барганда "Москва" деген ырды ырдап берүүсүн суранган. Эми күйөрмандарынын өтүнүчүн аткарып, ырчы автору менен сүйлөшүп, өзүнүн репертуарына кошуп алууну пландоодо. Буга чейин Самара Каримова Рыспай Абдыкадыровдун, Түмөнбай Колдошовдун, Каныкей Эралиеванын, Алла Пугачованын жана башка атактуу ырчылардын ырларын репертуарына кошуп ырдап келген.
Ссылка: https://barometr.kg/samara-karimova-emi-glzhigit-satybekovdun-yrlaryn-repertuaryna-koshot
Добавить комментарий ×