Салык отчётунун мөөнөтү 1-октябрга чейин узартылды

24 июль 2020 13:36 2499 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министри Кубатбек Боронов 2020-жылдын 1-октябрына чейин салык отчётторун, социалдык төлөмдөр боюнча отчётторду, ошондой эле өнүктүрүүгө жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмгө төлөмдөр боюнча отчёттордун мөөнөтүн узартуу жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Экономика министрлигинин билдирүүсүнө караганда, мындай чаралар жарандардын аймактык салык кызматтарында топтолуусунун алдын алуу, коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн жана бизнес коомчулугунун кайрылуусу менен кабыл алынды.

Токтом боюнча 2020-жылдын экинчи кварталы үчүн же 1-июндан 31-августка чейин жеке ишкерлер жана уюмдар 1-октябрга чейин арыз жазбастан отчёт бере алышат:

- Кыргызстанга Евразия экономикалык союзуна мүчө өлкөлөрдөн товарларды импорттоодогу кыйыр салыктардан тышкары салык отчётун;

- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчётту;

- Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү кармоо жана анын өнүгүүсүнө төлөмдөр боюнча отчёт (FORM STI-157).

Белгилей кетсек, токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2020-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирет. Демек, эгер салык төлөөчү белгиленген мөөнөттө (2020-жылдын 15-20-июлдарында) отчет бере албаса, ага эч кандай жоопкерчилик чаралары колдонулбайт.  

2020-жылдын 3-апрелинде өзгөчө абалдагы социалдык-экономикалык абалды жөнгө салуу боюнча мыйзам иштелип чыгып кабыл алынды:

-2020-жылдын 1-апрелинен 1-октябрга чейин салык төлөөчүлөргө күтүлбөгөн күчтөн улам карыз болгон салыктарды төлөө мөөнөтү, банк кепилдиги жөнүндөгү документтерди көрсөтпөстөн эле бир жылга чейин узартылды.

-2020-жылдын 1-июлуна чейин ишкерчилик субьектилеринин салык отчётторунун мөөнөтү узартылды.

- Физикалык жактардын жана жеке ишкерлердин 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын тапшыруусу 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды.

- 2020-жылдын 1-июлуна чейин салык милдеттерин өз убагында аткарбаганы үчүн салык санкцияларын жана туумдарды колдонбоо ченемдери каралды.

2021-жылдын 1-январына чейин төмөнкүлөрдөн башкаларга салык текшерүүлөрүнө тыюу салынды:

-Акциздик топко кирген товарлар өндүрүшүндө жана айлантууда иш алып барган чарба субьектилерин пландуу текшерүү;

- Жеке ишкер өз ишин токтоткондо, өз уюмун жойгондо же реорганизация жасаганда өткөрүлө турган пландан тышкары текшерүүлөр;

- Салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн салыкты туура эмес эсептегендигин далилдеген документалдуу маалыматтарды алган учурда өткөрүлө турган пландан тышкары күтүлбөгөн жана кайра текшерүүлөр;

- ӨК/ӨА бүткөндөн кийинки камералдык текшерүүлөр;

2022-жылдын 1-январына чейин мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүлөрүнө мораторий узартылды.

2021-жылдын 1-январына чейин ишканаларга банкрот процедурасын жасоого убактылуу тыюу салынды.

“Май айында өкмөт экономиканы калыбына келтирүү үчүн абдан маанилүү болгон өлчөмү 14,0 млрд. сомдук Антикризистик фондду түзүп, анда ишкерлик субьектилерине жеңилдетилген кредиттерди берүү каралган”, - деп айтылат маалыматта.

Экономика министрлигинен экономиканы калыбына келтирүү үчүн ишкерлик субьектилерди жана ишканалардын ишмердигин стимулдаштыруу максатында финансылык жактан жеңилдетилген колдоочу программа иштелип чыккандыгын билдиришти. Чакан жана кичи бизнес субьектилери эгер алар эсептөөлөрдү жана отчётторду ачык көрсөтө турган автоматташтырылган системаны (ККМ-онлайн, ЭСФ) киргизишсе, анда алар жеңилдетилген кредиттерди ала алышат.

Ошондой эле, мекеме тарабынан экспортко багытталган жана импорттун ордун баса турган багыттар боюнча өндүрүштөргө,  регионалдык долбоорлорго, анын ичинде регионалдык маанилүү кластерлерге кирген долбоорлорго  жеңилдетилген кредиттерди берүү ишке ашырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/salyk-zhana-socialdyk-tlmdr-boyuncha-otchettordun-mnt-uzardy



Добавить комментарий