Кыргызстанда фермерлер жер салыгын төлөөдөн бошотулат

6 декабрь 2021 14:50 937 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин Басма сөз кызматынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Жарлык айыл айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн шыктандыруу максатында иштелип чыккан.

Жарлыкта 2022-2025-жылдары айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотуу сунушталып, ошол эле учурда бул салыктын жоюлушуна байланыштуу жергиликтүү бюджеттин жоготуулары да толтурулат.

Ошентип, айылдык товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү максатында токтом кылынат:

— министрлер кабинети жер салыгынан бошотууга байланыштуу жергиликтүү бюджеттин жоготууларын компенсациялап, 2022-жылдан баштап 2024-жылды кошуу менен айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотуу каралган мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-fermerler-zher-salygyn-tldn-boshotulat



Добавить комментарий