Биринчи болуп Кыргызстанга Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян келди
Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөт башчыларынын жыйынына биринчи болуп Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келди. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Никол Пашинян Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат. Ал Тамчы айылында жайгашкан Ысык-Көл аэропортуна учуп келген биринчи премьер-министр болду.
Мындан тышкары Кыргызстанга Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Михаил Мясникович башында турган делегация учуп келди. Ал учурда кыргыз-россия бизнес-форуман катышып жатат.
Эскерте кетсек, 19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйын өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/birinchi-bolup-kyrgyzstanga-armeniyanyn-kmt-bashchysy-nikol-pashinyan-keldi
Добавить комментарий ×