Салянова: "Мыйзам бузган соттордун үстүнөн иш козголушун туура деп эсептейм, анткени ал системада мыйзам бузуулар бар экендигин жакшы билем"
Өлкөдө айрым соттордун үстүнөн иш козголду деген кабарды мен туура кабар катары кабыл алам. Себеби дегенде кээ бир соттор мыйзамдуу жана адилеттүү иштерди алып барышпайт. Мындай пикирин экс-ген прокурор Аида Салянова билдирди.
"Сот системасын жакшы билген адам катары айткым келет, сот болуп жатканда мыйзам бузуулар болгон. Мисалы, жактоочунун жаш баласына карабай беш мүнөттүк танаписке да чыгарбай коюшкан. Мага дагы акыркы сөздү айтууга берилген эмес. Бул адам катары укуктарды тебелөө болуп саналат. Атамбаевдин убагында айрым соттор дайындалып жатканда түз айтылбаса дагы, кыйыр мааниде жогорку жактын айтканын аткарып, дегенин дегендей жасап турушу керек деген тушүнүктөр болот. Ошондуктан соттор мыйзамды бузуп чечим чыгарып коюп эле, ошол боюнча көмүскөдө калып калбаганы жакшы. Мисалы, Кубанычбек Касымбековдун үстүнөн иш козголду деген кабарды мен туура кабыл алдым. Мындай нерсе эл учун дагы, башкалар үчун дагы сот системасын реформалоодо жаңы белги катары көрсөтүлөт деп ойлойм"-деди Аида Салянова.
Эске салсак, Ленин районунун соту Кубанычбек Касымбековдун жана айрым соттордун үстүнөн "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен иштер козголгон.
Добавить комментарий ×