Саламаттыкты сактоо министри айыгып, ишке чыкты
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин абалы бүгүн канааттандырарлык, ПЦР-тест терс жыйынтык көрсөттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
“Министр ишке чыкты, ковид боюнча жаңы станционарларды ачуу маселелерин карап жатат. Эртең менен Суворов окуу жайынын жетекчилиги менен коронавирус инфекциясынан жабыркагандарды кабыл алуучу койкаларды жайгаштыруу боюнча жолугушуу өткөрдү”,-деп маалымдашты басма сөз кызматынан.
Аталган маалыматка таянсак, Улуттук госпиталда кошумча 120 койка, Суворов окуу жайында 200 койка, Курортология институтунда 200 койка ачуу каралууда.
Ссылка: https://barometr.kg/salamattykty-saktoo-ministri-ajygyp-ishke-chykty
Добавить комментарий ×