"Салам Кыргызстан" телеберүүсүнүн алып баруучусу: "Жинге тийгендерди ит аткандай атып салгым келет"

29 июль 2018 00:45 4420 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

"Салам Кыргызстан" реалити шоусунун алып баруучусу Гүлжайна Атаканова өзүнүн социалдык баракчасына "Жинге тийгендерди ит аткандай атып салгым келет, бирок ийгиликтеримди, бактымды көрүшсүнчү деп коем"-деп билдирди. Буга интернет колдонуучулар "Сиз энесиз, айымдар силер эне экениңерди унутуп калып, ар нерсени сүйлөп калдыңар"-деген нааразы комментарийлер болду. 

Буга жооп катары: " Ооба эне экенибизди унутпайбыз, бизге азап бергендер дагы биздин жүрөгүбүздү оорутуп, гүлдөй көнүлүбүздү калтырып жаткандар биздин алсыз. назик, боорукер жан экенибизди эстеп коюшса жакшы болмок. Сырткы келбетибиз канчалык күчтүү көрүнгөнү менен баары бир аялзатпыз. Ооба чын эле атып өлтүрүп салгым келет, бирок Кудайдан корком. Бирок баары бир ушунчалык мыкаачы, таш боор, мээримсиз адамдардан тажадым. Бирок, корком балкм менден да мыкаачлар чыгып калбайбы деп. Мени элдер келбетиме карап, өтө митаам, тажаал, урушчаак жана күчтүү деп ойлошот. Ошентип ойлогондор өтө жаңылышасыңар. Мени менен бир саат сүлөшүп олтурсаңар менин ким экенимди ошондо билесиңер. Мени толук билип-билбей баа берип, чечим чыаргандардан чарчадым"-деп жазды. 

Ссылка: https://barometr.kg/salam-kyrgyzstan-telebersnn-alyp-baruuchusu-zhinge-tijgenderdi-it-atkandaj-atyp-salgym-kelet



Добавить комментарий