Сагызды туура эмес колдонуу гастрит, кант диабети сыяктуу ооруларды пайда кылат

24 январь 2023 08:20 1879 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сагызды туура эмес колдонуу өнөкөт гастрит, панкреатит жана кант диабетинин өнүгүшүнө коркунуч туудурат. Бул тууралуу дарыгерлер берген кеңешине таянып "Барометр"  билдирет.

Маалыматка ылайык, сагызды тамактын алдында колдонууга болбойт, анткени, чайноо учурунда тамак сиңирүү процессин баары – ашказан, он эки эли ичеги, уйку бези жана ичке ичеги иштейт. 

"Чайноо учурунда  тамак-ашты сиңирүү үчүн шире бөлүп чыгара башташат. Бирок, тамак жок болгондо организм өзүнүн былжыр челинин сиңирүүсүнө туура келет. Бул өнөкөт гастрит, панкреатитти пайда кылат. Уйку бези канга инсулинди бөлүп чыгара баштайт. Бул кант диабетинин пайда болуу коркунучун жогорулатат", - деп түшүндүрдү дарыгер. 

Ошондой эле, терапевттин айтымында, сагызды көпкө чайноо тиштин кариесине себеп болот. 

"Сагыз тиш щеткасын алмаштыра албасын эстен чыгарбоо керек. Узакка созулган чайноо андагы канттын ооз көңдөйүнө тийгизген таасиринин негизинде кариес пайда болуу коркунучу бар", - деп кошумчалайт дарыгерлер.
 


 

Ссылка: https://barometr.kg/sagyzdy-tuura-emes-koldonuu-gastrit-kant-diabeti-syyaktuu-bir-top-oorulardy-pajda-kylat



Добавить комментарий