Митингчилерди милиция күч менен кууп жатат – Видео

2 март 2020 19:15 1403 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтына митингге чыккандарды милиция суу менен аткан машина менен таратууга аракет кылды.

Саат 13:00дө башталган митинг дээрлик саат 18:00гө чейин уланды.

Экс-депутат Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаров митингге чогулгандарды тароого үндөгөнү менен аны эч ким уккан жок.

Саат алтыдан соң митингчилердин жарымы “Ак үйдү” көздөй жол алышкан. Бирок укук коргоо органдары алардын жолун тосушканда митингчилер күч органдарынын өкүлдөрү тарапка таш ыргытышкан.

Укук коргоо органдары аларга суу чачуучу аппарат менен атып жооп кайтарды. Андан кийин милиция башка атайын жабдуулар менен митингчилерди кубалады.

Бүгүн Бишкекте митинг өттү. Буга чейин Жапаров өзү аны колдоп митингге чыкпоого чакырган болчу.

Буга чейин ИИМ митинг учурунда эреже бузгандарга катаал чаралар көрүлө турганын эскерткен.

Мурдагы депутат Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №1 абакта өтөп жатат. Ал массалык баш аламандык уюштуруу жана кишилерди барымтага алган деп айыпталып, 11 жыл 6 айге эркинен ажыратылган.


Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparovdun-taraptashtaryn-miliciya-kch-menen-kuup-zhatat-video



Добавить комментарий