Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди

21 август 2025 21:16 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 21-августта, Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

 «Манас» эл аралык аэропортунан Казакстандын лидерин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

 Флагштокторго эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, улуттук боз үй түрүндөгү инсталляция орнотулуп, ардактуу кароол тизилген.

 Улуттук кийимчен кыздар Касым-Жомарт Токаев менен саламдашып, ага гүл жана боорсок менен бал сунушту.

 Мамлекет башчылары үчүн кыргыз жана казак музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусунда концерттик программа уюштурулган.  

 Жогорку даражалуу мейманды ошондой эле кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган улуттук каада-салттарга ылайык тосуп алышты.

Ссылка: https://barometr.kg/kasym-zhomart-tokaev-kyrgyzstanga-rasmij-sapar-menen-keldi



Добавить комментарий