Митинг учурунда парламенттин кызматкерлерин алка-жакадан алган аял камалды
2-мартта Бишкекте өткөн митинг учурунда парламенттин имаратынан чыккан кызматкерлерди — аял-эркектерди жакадан алып, жулкулдаткан Ч.Н.М. аттуу аял Свердлов райондук сотунун чечими менен №1 убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу Бишикек шаардык сотунан кабарлашты.
Ага ылайык, райондук сот прокурордун өтүнүчүн канааттандырган.
“Ч.Н.М. аттуу аялга карата баш коргоо чарасы тандалып, ал 2020-жылдын 4-майына чейин эки айга ЖАМКтын №21 мекемесине (СИЗО-1) киргизилди”, — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2-мартта Бишкекте Ала-Тоо аянтында митинг өтүп жаткан маалдар аялдардын тобу парламенттин имараты жакка келген. Алар Ак үйдөн чыгып жаткан кызматкерлерге атырылып, айрымдарын жакадан алып жулкулдаткан болчу.
Аталган окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүп жаткан.
Добавить комментарий ×