Садык-Шер-Нияз: "Айтыш" фондунун түзүлүшү менен бир катар акындардын жылдызы жанган
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садык-Шер-Нияз “Айтыш” коомдук фондунун түптөлүшү менен бир катар акындардын жылдызы жанганын айтты. Ошондой эле, ал кыргыздын залкар акындарынын баскан-турганы тууралуу кызуу маек куруп берди. Бул тууралуу ал фейсбук аркылуу түз эфир учурунда билдирген маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Саясатчы өзүнүн бала кезин, даңазалуу чоң энесин жана маданиятка кошкон салымы тууралуу эл менен түз эфирде баарлашты.
“Мен сөз багып, өнөр аздектеп калганым чоң энем тараптан берилсе керек. Менин чоң энем айтылуу Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасындагы Тогонай эненин жанында “Майсалбек” деп тумакты жыттап кыйкырып чуркаган аял. Ушундай тарыхый тасмада роль жараткан чоң энем менен сыймыктанам.
Анан мен да куюлуштура сүйлөгөн адамдардын артынан кууп баарлашам. Бул менин ошол “Айтыш” коомдук фондун түзүшүмө түрткү берди. Мен ушундай таланттардын өнөрүн жалпы эл билсин деген эле аракетим болчу.
Ошол учурда Эльмирбек Иманалиев, Аалы Туткучев, Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаевдердин жаш кези эле. Мен аларды силерди эл аздектеп, барган жерден барк тапкан кадырлуу акын болосуңар деп ишендирер элем. Айткандай эле алар эл аралык айтыштардан баш байгегени, унааларды жеңип алган кадырлуу акындардан болуп чыга келишти.
Анан “Айтыш” коомдук фондунун акындары бир да бийликке кошомат айтпай, көзгө сайгандай таамай айткан эркин акын болушту. Алар элди туура жакка үндөгөн, калыс акындардан болушту”, -деп сыймыктануу менен айтты Садык-Шер Нияз.
Ошону менен катары эле, ага кино тармагына байланыштуу суроолор да берилди.
“Ооба сиздер айткандай, Европада мамлекет маданиятты каржылабайт. Бирок, алардын миллиарддаган көрүүчүлөрү бар. Алар бир кино тартып, кинотеатрларга коюу менен кетирген каражатын жада калса миллиондогон кошумча каражаттарды таап, өздөрүн-өздөрү багып келе жатат. Ал эми биздин маданиятты каржылабай койсок эмне болот? Албетте, бизде кино көрө турган элдин саны ашып кетсе 10 000ден ашат. Анан кантип биздин маданият өзүн-өзү бага алат. Биздин мамлекет качан гана маданиятка көңүл бура баштаганда өлкөбүз өнүгөт”, - деп кошумчалады ал.
Добавить комментарий ×