Биринчи айым Айгүл Жапарова Парижде өткөн эл аралык кинофестивалга катышты

30 ноябрь 2023 10:39 2046 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Франциянын Париж шаарында ЮНЕСКОнун колдоосу астында өтүп жаткан Cinema Heritag 1-эл аралык кинофестивалынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу кинофестивалдын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияздын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, 28-ноябрда ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында өткөн иш-чарага ЮНЕСКОнун башкы директорунун Африка жана тышкы байланыштар боюнча орун басары Энтони Охеменг-Боама, дүйнөлүк кинорежиссерлор, анын ичинде кытайлык легендарлуу режиссер Чжан Имоу, түрк кинорежиссеру, Берлин кинофестивалынын жогорку сыйлыгы «Алтын аюунун» ээси Семих Капланоглу жана башкалар да катышты.

Аталган кинофестивалдын финалына кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын “Эсимде” тасмасы өткөнү белгиленет.

Кошумчалай кетсек, бул күндөрү Париждин ири кинотеатрларында кыргызстандык режиссерлордун – Cinema Heritage программасынын катышуучуларынын тасмалары көрсөтүлүүдө.

Жаңы эл аралык кинофестивалдын негизги максаты – ЮНЕСКОнун идеяларын ээрчип, жаңы реалдуулуктарды жана образдарды ачуу, жаңы таланттардын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү, өзгөчө кино тили аркылуу өлкөлөр, элдер, муундар жана доорлор ортосунда байланыш түзүү.

Cinema Heritage кинофестивалынын негиздөөчүлөрүнүн бири Кыргызстандын Франциядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияз.

Фестивалды «Айтыш Франция» ассоциациясы Франциядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн активдүү катышуусунда өткөрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/birinchi-ajym-ajgl-zhaparova-pprizhde-tkn-el-aralyk-kinofestivalga-katyshty



Добавить комментарий