Сабырбек Жумабеков ооруканаларда жетишсиз дарыларды атады

4 июль 2020 11:45 3514 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү хирург Сабырбек Жумабеков өлкөнүн бай адамдарына кайрылды. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына таянып «Барометр» билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда эуфиллин, дексаметазон, адреналин, гепарин, фраксипарин, кальций глюконат, анальгин, димедрол, диклофенак, кетонал сыяктуу дарылар ооруканаларда жетишсиз болууда.

"Урматтуу бизнесмендер, олигархтар, өлкөдө көзгө көрүнбөгөн душман менен күрөшүү болууда. Бир күндө болжол менен дарылоого муктаж миңдей бейтап кайрылууда. Өкмөт менен Саламаттык сактоо министрлиги "Ганси" базасында 1000ден ашуун орун даярдады. Министрлик дары-дармекти тийиштүү көлөмдө алууга жетишпей жатат. Мындан улам биз, медиктер, сиздерден жардам сурайбыз. Дары-дармек, оксигенератор сыяктуу медициналык жабдуу керек Эуфилин, дексаметазон, адреналин, гепарин, фраксипарин, кальций глюконат, анальгин, димедрол, диклофенак, кетонал, шприцтер жетишсиз. Кан куюучу система, спирттелген кол аарчуулар, коргоочу костюмдар, көз айнекке муктаждык жаралды", — деп жазган Жумабеков.

Дарыгер жардам боюнча жооптуу куратордун номурун калтырды. 0 706 203 021



Ссылка: https://barometr.kg/sabyrbek-zhumabekov-oorukanalarda-zhetishsiz-darylardy-atady



Добавить комментарий