Сооронбай Жээнбеков элди Орозо айынын башталышы менен куттуктады

23 апрель 2020 14:18 1386 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин Басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекет башчысы куттуктоосунда отуз күн кармаган Орозонун касиети менен дил дүйнө тазаып, ыйман тереңдеп, аруу сезимдер арбып, жакшылыкка болгон үмүт бекемделе турганы айтылат.

"Коомдук биримдикке, улуттар арасындагы ынтымакка, бири-бирибизди колдоого чакырган Орозо күндөрүнүн мааниси — бүгүнкү татаал мезгилде өзгөчө бийик, ушул улуу касиеттер учурда бизге өтө зарыл. Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бактылуу жашоо каалайм, жүрөктөрдө тынчтык орноп, аруу тилектердин орундалышын тилейм!

Туткан Орозоңуздарды Кудайым кабыл кылсын! Жараткан Аллах элибизге ынтымак, жергебизге тынчтык берсин!",  - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, быйыл Орозо 24-марттан тарта башталат. Башкача айтканда, 24-мартта таңда ооз бекитилет.

Ссылка: https://barometr.kg/s-zheenbekov-bgn-23-aprelde-kyrgyzstandyktardy-orozo-ajynyn-bashtalyshy-menen-kuttuktady



Добавить комментарий