УТРК айымдардын майрамына 1 млн сом жумшады

7 март 2023 17:10 1654 Barometr
Бөлүшүү:
ok

УТРК айымдардын майрамына 1 млн сом жумшады. Бул туралуу журналист Чынара Капарованын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, бүгүн, 7-мартта Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчилиги тарабынан 8-март айымдардын Эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулган. 

“Концерттик программа менен коштолгон майрамдык салтанатта Башкы директор Кайрат Иманалиев айымдарга куттук сөз сүйлөп, корпорациянын ишмердүүлүгүндө айымдардын орду чоң экенин белгилеп, майрамдык гүл десте катары куттуу жерде кызмат кылган ар бир айымга акчалай белек берди.

УТРК “сулуу” майрамдын ээлерине 1 млн сом бөлдү.

Улуттун жүзү болгон УТРКнын эмгек жамаатында жалпысынан 497 айым эмгектенет”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/utrk-ajymdardyn-majramyna-1-mln-som-zhumshady



Добавить комментарий