Румыниянын спорт министри түз эфирге шымы жок чыкканы көрүндү
Бөлүшүү:
Румыниянын спорт министри Ионуц Строе түз эфир учурунда оңтойсуз абалга кириптер болду. Ал телеканалардын бирине маек берип жатканда камера жерге түшүп кетип, министр үстүнө гана көйнөк кийип, шымы жок ич кийимчен отурганы көрүнгөн. Анын видеосу Twitter тармагына жарыяланды.
Бирок Строе эч нерсе болбогондой маекти улантып кеткен. Бирок программанын алып баруучусу окуяга аябай таң калып, оозу ачык бойдон калган. Көрөрмандар министрдин ич кийимчен отурганын сүйлөшпөстөн алып баруучунун реакциясын кеңири сөз кылышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/rumyniyanyn-sport-ministri-tz-efirge-shymy-zhok-chykkany-krnd
Добавить комментарий ×