Россиянын Эл артисти мас абалында унаа башкарып катуу жол кырсыгына кабылды (Видео)
Бөлүшүү:
Россиянын Эл артисти Михаил Ефремов катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралу Россиянын Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына таянуу менен “ТАСС” агенттиги билдирди.
"Учурда Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык (" Жол эрежелерин бузуу жана унаа каражаттарын эксплуатациялоо ") айдоочуга кылмыш иши козголгон.
Буга чейин полиция Москванын Смоленская аянтында бир нече автоунаа менен кагылышкандыгы үчүн күнөөлүү деп эсептелген Ефремовдун канында алкоголь бар экендигин тастыктады.
Москванын борборунда болгон жол кырсыгы камега жазылып калынган.
Добавить комментарий ×