Россиялык телеалып баруучу Иван Ургант кыргыздар тууралуу тамашалады – видео
Россиялык телеалып баруучу Иван Ургант 30-апрелде Биринчи каналдагы “Вечерний Ургант” берүүсүндө кыргыздар тууралуу тамашалады.
Ал “Союз мультфильм” чебурашканын образын кайтадан колдонуу үчүн Япониядан автордук укукту кайтарып алууга ниеттенип жатканын айтты. Японияга автордук укук 15 жыл мурда берилген.
“Япон тарап чебурашкага болгон автордук укукту 2023-жылга чейин ээлик кыла турганын айтышууда. Бирок Япония автордук укукту кайтарышы мүмкүн, бирок биз аларга ордуна башка нерсе беришибиз керек. Алар Курил аралдарын бергиле биз, чебурашканы беребиз дешү мүмкүн. Бирок биз аларга башка жолду сунуштайбыз. Силер бизге чебурашканы бересиңер, биз силерге Москвадагы япон ресторандарындагы бардык официанттарды беребиз. Ошентип эки жакшы иш кылган болобуз — чебурашканы мекенине кайтарабыз, Кыргызстандын элинин жарымы Токиону көргөн болот”, — деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/rossiyalyk-telealyp-baruuchu-ivan-urgant-kyrgyzdar-tuuraluu-tamashalady-video
Добавить комментарий ×