Россияда 26 жаштагы аял вилка жутуп алды (Сүрөт)

3 август 2020 12:36 1420 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиялык хирургтар 26 жаштагы аялдын ичинен вилканы алып чыгышты. Бул тууралуу «Факты» басылмасына шилтеме берип «Барометр» которду.

Тюмень облусуна караштуу Ишим шаарынынын тургуну майлуу тамактануудан кийин өзүн жаман сезип, аны чыгаруунун көздөйт. Ашказандагы тамакты кусуу үчүн вилканы оозуна салган. Бирок ал колунан жылмышып кетип, аял аны жутуп алат. Дароо аталган шаардын №4 ооруканасына барган.

«Рентгенге тартуу менен аялдын ашказанында вилка бар экенин аныкталган. Табигый жол менен аталган курал адамдын оргинизминен чыкпасына көзү жеткен доктурлар ыкчам турдө операция жасашкан. 35 мүнөткө созулган операциядан кийин бейтаптын өмүрүнө зыян алып келген курал алып чыгарылган. Аялдын ашказанына ал эч кандай залалын тийгизген жок», - деп айтылат маалыматта.

Учурда бейтап хирургия бөлүмүндө операциядан кийин дарыланып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyada-26-zhashtagy-ayal-vilka-zhutup-aldy-srt



Добавить комментарий