Роналду "Аль-Насрда": 17 бөлмө жана айына $ 302 миң. Сауд Арабиядагы футболчунун жашоосу

9 январь 2023 12:22 2854 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сауд Арабиялык "Аль-Наср" клубуна өткөн Криштиану Роналду Four Seasons мейманканасында 17 бөлмөлүү королдук люкс бөлмөсүндө жашайт. Бул тууралуу Daily Mail жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Роналду Эр-Рияддагы Kingdom Tower асман тиреген имаратынын 99-кабатындагы мейманканага үй-бүлөсү жана жан сакчылары менен бирге жайгашканы маалым болду.  

Футболчуга 17 бөлмөлүү кенен батир берилген. Белгилей кетсек, бул бөлмөлөр жөнөкөй кардарларга ижарага берилбейт. 

Басылманын маалыматы боюнча, королдук бөлмөлөр айына болжол менен 302 миң долларды түзөт.   

Дал ушул мезгилде, Роналду Сауд Арабиядан туруктуу үй тапканга чейин бөлмөлөрдү брондогон.     

Буга чейин, Сауд Арабияда жылдыз чабуулчу Криштиану Роналдуга ыңгайлуу болушу үчүн айрым мыйзамдарды айланып өтүүгө даяр экени айтылган.     
Атап айтканда, бул футболчунун мыйзамдуу аялы эмес, сүйүктүүсү Жоржина Родригес менен чогуу жашаганына тиешелүү.      

Ал эми, Сауд Арабияда никеге турмайын аял менен чогу жошоого тыюу салынган.   
 
 
 


 

Ссылка: https://barometr.kg/ronaldu-saud-araviyasyndagy-lyuks-mejmankanadan-korolduk-17-blmn-izharaga-algan



Добавить комментарий