Роналду “Coca-Cola” бөтөлкөсүн жылдырды, компания буга жооп берди

16 июнь 2021 16:51 4301 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Португалиянын футбол боюнча курама командасынын капитаны Криштиану Роналду Евро кубоктун алкагындагы Венгрия менен беттештин алдындагы басма сөз жыйынында “Coca-Cola” суусундугун үстөлдөн алып койгон.

 Анын бул кыймылы дүйнөлүк басылмаларда кызуу талкууланып, аталган компания төрт миллиард доллар жоготкону тууралуу кептер тараган.

 Бирок, 16-июнда “Coca-Cola” расмий билдирүү таратып, бул маалыматты ырастаган жок. Британияда чыккан “The Guardian” гезити компаниянын акциялары 1,6%ке  арзандаганын кабарлады.

36 жаштагы футболчу Роналду сергек жашоо образын тандап, баласына шекерлүү, газдалган суусундуктарды ичирбей турганын социалдык тармактарга жазып келет.

Евро кубоктун уюштуруучулары футболчулар таза суудан тышкары “Coca-Cola” суусундугунун шекери жок түрүн тандап жатышканын билдиришти.

Ссылка: https://barometr.kg/ronaldu-coca-cola-btlksn-zhyldyrdy-kompaniya-buga-zhoop-berdi



Добавить комментарий