"Үрөй учурган трагедия". Франциянын Ницца шаарында куралчан кол салуудан үч адам каза болду

29 октябрь 2020 17:39 1609 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ниццада белгисиз бир адам Нотр Дам чиркөөсүнө кирип барып, адамдарга бычак менен кол салган. Бул тууралуу Франциянын BFMTV телеканалына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Окуя бүгүн, 29-октябрда эртең менен болгон.

Ницца шаарынын мэри Кристиан Эстроси кол салуудан үч адам каза болгонун тастыктады.

Рейтер агенттигинин маалыматына ылайык, бир аялдын башы кесилген. Кол салган адам полиция тарабынан кармалды.

Шаардын мэри Кристиан Эстрозинин айтымында, ал киши "Аллаху Акбарды" бир нече жолу кайталаган, бул террордук кол салуу деди.

Ошондой эле, мэр Ниццага президент Эммануэль Макрон менен премьер-министр Жан Кастекс келиши керек деп билдирди.

Ошол эле мезгилде,  Жидда шаарында Франциянын консулдугунун күзөтчүсүнө кол салган Сауд Аравиянын жараны кармалган. Күзөтчү жеңил жаракат алган, деп айтылат Мекке провинциясынын полициясынын Твиттердеги билдирүүсүндө.

Эки жума мурун, Париждин жанында, сабак учурунда Мухаммед пайгамбардын карикатураларын көрсөткөн мугалим Сэмюэль Патини чечен улутундагы адам өлтүргөн.

Макрон окуяны теракт деп мүнөздөп, Францияда сепаратизмге каршы күрөш жарыялаганын айтты. Бул Париж менен Анкаранын мамилелеринде кризиске алып келген.

Ссылка: https://barometr.kg/rj-uchurgan-tragediya-franciyanyn-nicca-shaarynda-kuralchan-kol-saluudan-ch-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий