Японияда коронавирус жукту деп шектелген КР жаранынан оору аныкталган жок. Учурда ал эркин жүрөт

5 март 2020 10:01 570 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб Кыргызстандын жаранына өз учурунда медициналык жардам көрсөткөндүгү үчүн Японияга ыраазычылык билдирет. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппарытынын маалымат бөлүмү билдирди. 

2020-жылдын 1-мартында Кыргызстандын жараны Diamond Princess круиздик кемесинин экипаж мүчөсү япон госпиталынан чыгарылып, Токио шаарындагы мейманканалардын бирине жайгаштырылган.

Биздин жаранды коронавирус инфекциясына акыркы жолу текшерүү анын ооруга кабылбагандыгын көрсөттү. Кыргызстандыктын ооруканадан чыгарылганы тууралуу япон критерийлерине жооп берген медициналык сертификаты бар. Кыргыз Республикасынын жараны учурда Токио шаарында эркин жүрөт.

Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб биздин жаранга өз убагында адистешкен медициналык жардам көрсөткөндүгү үчүн япон тарапка ыраазычылык билдирет.

Ссылка: https://barometr.kg/respublikalyk-shtab-kyrgyzstandykka-z-uchurunda-medicinalyk-zhardam-krstkndg-chn-yaponiyaga-yraazychylyk-bildiret



Добавить комментарий