Республикалык протездик-ортопедиялык мекемеси 3 039 протезди майып адамдар үчүн жасады
Бөлүшүү:
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси, ушул жылдын 8 айдын ичинде 3 039 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды тейледи. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Өткөн мезгилдин ичинде мекеме 2 400 түгөй ортопедиялык бут кийим жана 749 протез чыгарган. Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде 13 617 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам каттоодо турат. Алардын ичинен: балдар - 5 984, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары - 182, бут протездери менен - 1 345 жана кол протездери бар– 312 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар .
Добавить комментарий ×