Республикалык протездик-ортопедиялык мекемеси 3 039 протезди майып адамдар үчүн жасады

29 сентября 2020 13:19 785 Barometr
Поделиться в:
ok

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси, ушул жылдын 8 айдын ичинде  3 039 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды тейледи.  Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Өткөн мезгилдин ичинде мекеме 2 400 түгөй ортопедиялык бут кийим жана 749 протез чыгарган.  Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде 13 617 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам каттоодо турат. Алардын ичинен: балдар - 5 984, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары - 182, бут протездери менен - 1 345 жана кол протездери бар– 312 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар .

Ссылка: https://barometr.kg/respublikalyk-protezdik-ortopediyalyk-mekemesi-3039-protez-majyp-adamdar-chn-zhasady



Добавить комментарий