Өрдөктүн этин сатып байыган сот аткаруучу кармалды

3 февраль 2020 11:45 1525 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы өз ишин так аткарбай, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган сот аткаруучуну кармады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун сот аткаруу кызматынын бөлүмүнүн кызматкери райондук соттун 2019-жылы 23-майда чыгарган өкүмүн так аткарган эмес.

УКМК тараткан маалымат боюнча сот аткаруучу С.Н.А. соттун аткезчилик менен келген 70 тонна өрдөк этин жок кылуу боюнча өкүмүн аткарууда өз кызыкчылыгын көздөгөн.

“Сот аткаруучу С.Н.А. кызмат абалынан пайдаланып, материалдык же башка пайда көрүү максатында жок кылынсын деген 70 тонна өрдөк этинин 5 тоннасын гана жок кылып, калган бөлүгүн К.Ж. жана С.Ф. аттуу ишкерлерге 150 миң долларга саткан”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү УКМКнын убактылуу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/rdktn-etin-satyp-bajygan-sot-atkaruuchu-karmaldy



Добавить комментарий