Равшан Жээнбеков кармалды, учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Кыргыз Республикасынын ИИМнин Тергөө кызматы тарабынан ЖК мурдагы депутаты Равшан Джээнбеков кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады
Кыргыз Республикасынын ИИМнин Тергөө кызматы тарабынан КЖБРге катталган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 244- беренесинин 2-бөлүмү (барымтага алуу) жана 264-беренесинин 1,2,3-бөлүмдөрүндө (массалык башаламандыкты уюштуруу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иликтенип жатат. 2019-жылдын 12-декабрь күнү жогорудагы кылмыш иштерин жасоого шектелип Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Жээнбеков Равшан Бабырбекович кармалды. Учурда Бишкек ШИИББдин УКЖга киргизилди.
Ссылка: https://barometr.kg/ravshan-zheenbekov-karmaldy-uchurda-ubaktyluu-karmoochu-zhajga-kirgizildi
Добавить комментарий ×