Бишкек шаарындагы кафелердин биринен Равшан Жээнбеков кармалды

11 октябрь 2020 14:52 1589 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Экс-депутат Равшан Жээнбеков кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет. 

Маалыматта ылайык, Ала-Тоо аянтында гы окуялар боюнча 2020-жылдын 9-октябрь  күнү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренеси (Массалык баш аламандык) менен кылмыш иши козголуп, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

 5-октябрдан 6-октябрьга караган түнү  тынчтык митинги массалык баш аламандыкка айланып, жаза аткаруу мекемелеринен камакта отурган бир нече адам бошотулган. 

Аталган кылмыш ишинин алкагында ИИМдин ыкчам кызматтары тарабынан Бишкек шаарындагы кафелердин биринен Равшан Жээнбеков кармалды. Азыркы учурда ал ИИМдин Тергөө кызматында.



Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaaryndagy-kafelerdin-birinen-ravshan-zheenbekov-karmaldy



Добавить комментарий