Равшан Жээнбеков кызынын балалыгы үчүн кечирим сураган кат жолдоду (Сүрөт)

12 июнь 2020 14:33 1648 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Камакка алынган экс-депутат Равшан Жээнбеков сот отурумунун келип, атасын колдоо үчүн уюштурулган митингтерге активдүү катышып жаткан кичүү кызына кат жазды.

Айжан атасы жиберген катты, социалдык баракчасына киргизген.

"Бактылуу балалык бере албай калганыма өкүнөм. Өзүмдүн политикалык күрөшүм менен сага балалык тартуулабай, сен мени коргоп жатасың. Кечир мени", - деп жазган Жээнбеков өз катында.

“Мага атамдан кат келди. Анда ал мени жакшы көрөөрүн, бактылуу балалыкты өткөрүүнүн ордуна, чындык издеп аны коргоп жатканымды белгилеген. Ата, мен сизди абдан жакшы көрөм жана Равшан Жээнбековдун кызы болгонума сыймыктанам. Сизди эч ким сындыра албайт!”, – деп жазган мурдагы депутаттын кызы.


Ссылка: https://barometr.kg/ravshan-zheenbekov-kyzynyn-balalygy-chn-kechirim-surady-srt



Добавить комментарий