Рамзан Кадыров: Навальный Куранды өзүнүн саясий максаттарына колдонуп жатат
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров абакта жаткан орусиялык саясатчы Алексей Навальныйды Куранды өзүнүн саясий максаттары үчүн колдонууга аракет кылып жатат деп айыптады. Бул тууралуу Кадыровдун Telegram каналына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Буга чейин, Владимир облусундагы абакта жаткан Навальный колониянын администрациясы ага Куранды жана башка китептерин бербей койгонуна нааразы болгон. Навальный Куранды үйрөнгүсү келип жаткандыгын айтып, бирок, өзүнүн мусулман эместигин баса белгилеген.
"Ыйык Куранды эскерүүгө моралдык укукту Навальныйга ким берген?" - деп жазган Кадыров соцтармактагы баракчасына.
Кадыровдун пикири боюнча, Навальный "Ыйык Жазманы өзүнүн саясий максаттары үчүн колдонууга аракет кылып жатат жана Европада буга чейин, колдонулуп жүргөндөй провокация үчүн Курандагы цитаталарды сөзсүз колдонот".
Кадыров "Навальный мечиттердин курулушуна каршы иш-чараларга катышкан, эми ал ушундай жол менен мусулмандардын ырайымына ээ болууга аракет кылып жатат" деп эсептейт.
Кадыров абактын кызматкерлерин Россиянын мусулмандарынын атынан "диний араздашууга" жол бербөөгө үндөдү.
Эске сала кетсек, 44 жаштагы Алексей Навальный былтыр август айында Сибирдеги Томск шаарында ууландырылып, Германияга жеткирилген. Дарыланып, Москвага кайтканда камакка алынып, 2014-жылкы кылмыш иш боюнча «шарттуу жазанын эрежелерин сактаган жок» деген доо менен 2,5 жылга эркинен ажыратылган.
Ссылка: https://barometr.kg/ramzan-kadyrov-navalnyj-kurandy-znn-sayasij-maksattaryna-koldonup-zhatat
Добавить комментарий ×