Рамзан Кадыровдун дагы бир кызы жооптуу мамлекеттик кызматка дайындалды

1 февраль 2024 19:38 424 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун экинчи кызы Хадижат Чеченстандын администрация башчысынын биринчи орун басары болду. Бул тууралуу Чеченстандын башчысынын расмий сайтына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет. 
Маалыматка ылайык, 24 жаштагы Хадижат Кадырова Социалдык блок менен өз ара аракеттенүү башкармалыгынын жетекчисинин 1-орун басары болуп дайындалды.

Бул кызматка Кадырованы дайындоону Чеченстандын башчысынын жана өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси Галас Таймаханов сунуштады. 
Ал Грозный мэриясынын мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы катары коомдук уюмдар менен иштешүүдө ийгиликтерге жетишкенин айтты.

Бул сунушту Рамзан Кадыров өзү жактырып, кызына ийгилик каалады.

“Хадижат Кадырова бүткүл россиялык ири форумдарга жана саммиттерге активдүү катышып, ички саясий кырдаалды жакшы билет. Аппарат жетекчиси жаңы кызматында социалдык чөйрөнү өнүктүрүүдө чоң ийгиликтерге жетише аларына ишенем. Мен сунушту жактырдым”, — деп жазган Кадыров.

Хадижат Кадырова Рамзан Кадыровдун экинчи кызы. 
Грозный-Информ билдиргендей, ал 2000-жылы 17-январда төрөлгөн. 

2020-жылдын декабрынан бери Грозный шаарындагы мектепке чейинки билим берүү бөлүмүн жетектеп келет. 

2021-жылы декабрда Кадырова “Чечен Республикасына сиңирген эмгеги үчүн” медаль алган. 
2022-жылы ноябрда Ахмат Кадыров атындагы орден менен сыйланган.

Буга чейин маалымдалгандай, Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун улуу кызы Айшат, республиканын маданият министри кызматана, Чечен Республикасынын өкмөт башчысынын орун басарлыгына дайындалган. 
 


Ссылка: https://barometr.kg/ramzan-kadyrovdun-dagy-bir-kyzy-zhooptuu-mamlekettik-kyzmatka-dajyndaldy



Добавить комментарий