Кыргызстандагы карыялар үйүндө 10 жылдан бери жашаган Данганы Рамзан Кадыров мекенине алып кетет (Видео)

12 июнь 2020 12:20 4536 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чеченстандын Президенти Рамзан Кадыров коомдук ишмер Ассоль Молдокматова менен телефон аркылуу байланышты. Бул тууралуу Молдокматова социалдык баракчасында билдирди.

Кадыров, коомдук ишкерге чеченстандык Данга аттуу карыянын үйүнө кайтуусуна кошкон салымын баалап, аны туугандары табылганын жана аны чыдамсыздык менен күтүп жатышканын билдирди.

“Биз анын туугандарын таптык. Мекенинде анын үйү, баласы, неберели бар. Жакынкы күндөрү аны үйүнө алып кетебиз. Сизге чоң рахмат. Сиздин жардамыңыз менен үй-бүлөнү бириктирип жатабыз” – деди өлкө президенти сүйлөшүү учурунда.

Эскерте кетсек, Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова кайрымдуулук кылып карылар үйүнө барган. Анда чечен улутундагы Данга карыясы менен таанышып, ал тууралуу маалымат алган. Данга тууралуу видео тартып, Чечен президентип белгилеп пост жазган, 2 күндө кубанычтуу кабар келди.

Грозныйда төрөлгөн карыя болжол менен 81 жашта. 10 жылдан бери каарылар үйүндө жашап келет. Ал депортация учурунда Кыргызстанга келгенге мажбур болгон. Буга чейин туугандарын издеп билдирүү жөнөткөн, бирок кубантаарлык жооп келген эмес. 

Ссылка: https://barometr.kg/ramzan-kadyrov-karylar-jndg-dangany-mekenine-alyp-ketet-video



Добавить комментарий