Сыймык Жапыкеев: Ассолдун баркын кыргыздар билбей койдук
Сыймык Жапыкеев президентти Ассоль Молдокматовнын мамлекеттик деңгээлдеги эмгегин таанууга чакырды. Бул тууралуу пикирин Каржы полициясынын мурдагы башчысы өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялаганын “Барометр” билдирет.
“Достор бир колдоо кылгылачы. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, сиздин өлкөнүн көтөрөм деген аракетиңизге биз ортоктошбуз. Сизден өтүнөт элек, суранат элек бир чоң мамлекеттик сыйлык ээсин таппай жүрөт. Сизге ырахмат, мага деле генерал майор наамын ыйгардыныз. Өтө оор мезгилге туш келдиниз, 30 жыл талкаланган тонолгон машинага миндиңиз, баарын түшүнүп турабыз. Ишинизге ийгиликтер болсун.
Ушул пост Ассоль Молдокматова жөнүндө болмокчу. Ушул айымдын кыргыз элине болгон эмгеги зор. 25 жылдан бери Ассоль элге пайдасын эле тийгизип келе жатат. Баткен болсо Баткенде, пандемияда биринчилерден волонтер, пайдасы зор, канча деген балдарды акча таап окутту, чокутту. Россияда Зайцев, Киркоров, Пугачеванын юбилейлери, тойлору биздин кыргыз кызыбыз Ассолсуз болбойт, Ассоль ошол жерде алып баруучу, Россия менимче маданияттын эмгек сиңирген ишмери деп наам ыйгарды. Рамзан Кадыровго, Владимир Путинге, Реджеп Эрдоганга пандемияда Ассоль кайрылуу жазаганда баарысы жооп беришти. Сыймактанам. Көп элдер ойлоду Ассоль шайлоого даярданып жатат деп, бирок Ассоль саясаттан алыс. Азамат! Урматтуу достор чынын айтсам Ассолдун баркын кыргыздар билбей койдук. Ассоль сизге мен өзүм ырахмат айтам, ыразычылык билдирем.Ассоль менен мен жакшы досбуз, бирок бул пост жүрөктөн чыкты. Урматтуу кыргыз өлкөсүнүн, мамлекеттин, элинин башчысы Садыр Нуркожоевич, сизден өтүнөбүз Ассоль Молдокматовага татыктуу Мамлекеттик наам берүүңүздү эл суранабыз. Сиз саясатчылар менен эмес эл менен эле болуңуз, Эл сизди көтөрүп кетет. Бир жолу көтөрүп кеткен. Ишиңизге албан ийгилтер кана болсун.Мен элге ишенем, эл да мага ишенет”,-деп жазды Жапыкеев.
Аталган постту социалдык тармактын колдонуучулары кызуу талкуулап жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/syjmyk-zhapykeev-assoldun-barkyn-kyrgyzdar-bilbej-kojduk
Добавить комментарий ×